Шашылыш билдирүү! Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрөт
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-июнунан 22-июнуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.