Шакиев Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын төрагасына өлкөнүн эмири каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Кувейт мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Ахмед Абделазиз Аль-Саадунга аталган өлкөнүн эмири Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер ас-Сабахдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Анда мындай деп айтылат:
“Маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Ас-Сабах даанышмандыгы, жаратмандыгы жана камкордугу менен ар дайым эсибизде кала берет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер ас-Сабахдын үй бүлөсүнө жана жакындарына, ошондой эле жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам”.