Шайырбек Ташиев 16-майга чейин камалды

 Шайырбек Ташиев 16-майга чейин камалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев 16-майга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттун бүгүнкү отурумунда Шайырбек Ташиевди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (СИЗО-1) тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылды.

Эске салсак, буга чейин ИИМ Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев “Кыргызнефтегаз” ААКтагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.

Связанный пост