Сентябрь ичи мамлекеттик ипотеканын кезеги жаңыланат

Сентябрь айынын ичинде ипотекалык мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларынын кезеги жаңыртылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, май айынан бери программанын катышуучуларынын кезеги белгиленген тизме жаңылана элек болчу.
“Программанын катышуучуларынын кезегин жаңылоо боюнча учурда иштер жүрүп жатат. Ошондо арзан ипотека багыты боюнча буга чейин канча жаран батир алып, кезек канчалык жылганын өзүңүздөр көрсөңүздөр болот. Мамлекеттик ипотекалык компания курулган үйлөрдүн 60 пайызын жеңилдетилген ипотека, 30 пайызга жакынын арзан ипотека ал эми 10 пайыздын тегерегинде социалдык ипотека багыттарында берүүдө”,- деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү.
Өлкөдө бюджеттик тармакта иштеген жарандар көп болгондуктан биринчиден жеңилдетилген ипотека жана экинчиден арзан ипотека багытында кезекке турган жарандар арбын экенин Гүлзат Тотубаева өз сөзүндө маалымдады.
“Жагдайга байланыштуу батирлер пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлүп берилип жатат. Ачык айтсак, үлүштүк турак жай механизми ачылып, салынган турак жай фондунун же объектинин бир бөлүгүн үлүштүк турак жай боюнча беребиз. Бул 50 пайыздан ашпаган бөлүгүн түзөт. Калган бөлүктү 3 багыт боюнча пропорционалдуу түрдө бөлөбүз. Кайсы багытта кезекке турган жарандар көп болсо ошол багыттагы жарандар көбүрөөк алып жатат. Жогоруда айтылгандай, үлүштүк турак жай багытынан калган бир бөлүктүн 60 пайызын жеңилдетилген ипотека багытындагылар алып жатат”,- деди Тотубаева.
Булак “Кабар” агенттиги