Сатуудан алынуучу салыкты тапшыруу дагы жеңилдеди

 Сатуудан алынуучу салыкты тапшыруу дагы жеңилдеди

Сатуудан алынуучу салык (САС) боюнча отчетту автоматтык түрдө түзүү дагы жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчетту автоматтык түрдө түзүү функциясы жеткиликтүү.

Төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

  • «Е-отчеттор» бөлүмүнө өтүп → «Отчетторду автоматтык түзүүнүн жөндөөлөрү» бөлүмүн тандаңыз;
  • сервистин иши тууралуу маалымат менен таанышыңыз;
  • «Жаңы макулдашуу» баскычын басыңыз;
  • чылган терезеде “Сатуудан алынуучу салык” бөлүмүн тандаңыз, субъекттин (чакан, орто, ири бизнес) жана отчеттун түрүн көрсөтүңүз;
  • иш жүргүзгөн МСКБнын кодун белгилеп, «Сактоо» баскычын басыңыз.

Белгиленгендей, отчет автоматтык түрдө отчеттук мезгилден кийинки айдын 18де ЭСФ маалыматтарынын негизинде түзүлөт.

Даяр болгон отчетту “Е-отчетторун” ичиндеги “Электрондук отчеттор журналы” бөлүмүнөн табууга болот.

“Автоматтык түрдө түзүлгөн” деген графада “Ооба” деген белги пайда болот. Сиз маалыматтар менен таанышып, отчетту басып чыгара аласыз. Ошондой эле дароо Салык кызматына жөнөтө аласыз.

Эгер отчеттун ичиндеги маалыматтар туура эмес деп эсептесеңиз, аны өчүрүп , жаңы отчетту кол менен түзсөңүз болот.

Эскерте кетсек, САС боюнча отчетту отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин тапшыруу керек.

Связанный пост