Сары-Дөбө айылында курулуп жаткан 150 орундуу мектеп пайдаланууга даяр
Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылындагы курулуп жаткан 150 орундуу мектеп пайдаланууга даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.
Жалпы сметалык баасы 84 млн 516 миң сомду түзгөн аталган объекти республикалык бюджеттин эсебинен жана Мамлекеттик казына облигациялары тарабынан каржыланган.
Мектеп заманбап шартта курулуп, эки кабаттан турат. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, тапшыруу алдында турат.