Санариптештирүүгө кадам. ЖКККББнын кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө

 Санариптештирүүгө кадам. ЖКККББнын кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө

Санариптештирүүгө кадам. ЖКККББнын кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн ЖКККББнын жетекчилиги ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте Ички иштер министрлигинде Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлерине кызмат өтөө учурундагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган боди камераларды колдонуу жана иштөө тартиби тууралуу окутуп-үйрөтүү сабагын уюштурду.

Боди камералар кызматкерлердин кийиминин көкүрөк төшүнө же ийиндеги погонунун астына тагылып, кызмат өтөө учурундагы бардык кыймыл-аракеттерин онлайн көрсөтүү менен видео жана аудио форматта жазылып сакталып, ИИМдин жетекчилиги аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Айрыкча, кызматкерлердин кызмат өтөө учурундагы айдоочулар менен болгон мамилесин, мыйзамдуулук, кызматтык тартиптин сакталышын жана коррупциялык элементтерге жол бербөөсүн, конфликттик жагдайлар учурундагы керектүү далил фактылардын жазылуусун, бөлүнгөн күзөт чарчыларынын кырдаалдык абалын, андан тышкары, айдоочулардын да, өңүн түсүн жана сүйлөгөндөрү видео форматта жаздырылып турат. Ага онлайн мониторинг жүргүзүү менен, тийиштүү чаралар көрүлүп турары айтылды.

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында бардык кызматкерлерге жаңы жабдууларды колдонуу жана пайдалануу боюнча окутуп-үйрөтүү сабактарды өткөрүү тапшырмалары коюлду.

Ошондой эле азыркы учурдагы камераларды колдонуу жана пайдалануу тартибинде көрсөтүлгөн нускамага өзгөртүү толуктоолорду киргизүү боюнча өздүк курамдан сунуш пикирлер айтылды.

Связанный пост