Салык кызматы сегиз айда 99,9 млрд сом салык жыйнады

 Салык кызматы сегиз айда 99,9 млрд сом салык жыйнады

2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалымат боюнча, белгиленген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен чогултулду (аткаруу 101,5 %).

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 млрд 829,4 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 151,2 %ды түздү.

2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу келип түшүүлөрдүн эң чоң өсүшү пайда салыгы (өсүү ыргагы 162,2%), киреше салыгы (133,1%), кошумча нарк салыгы (123,7%), Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылган товарларга акциз салыгы (149,8%), сатуу салыгы (126,3%), жер казынасы үчүн салыктар жана чегерүүлөр (129,3%), бирдиктүү салык (516,3%) боюнча белгиленди.

Связанный пост