Салык кызматы: 2022-жылга чейинки салыктык карыздар кечирилет

2022-жылдын 1-январына чейинки салыктык карыздар кечирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видеомаегинде маалымдады.
Ал билдиргендей, салык органдары тарабынан өз алдынча төмөнкү салык карыздары жокко чыгарылат:
– 2022-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттөрдөгү салык карыздары (соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар учурларды кошкондо);
– мүлк салыгы, анын ичинде транспорт каражаттары боюнча салыктык карыздар (аталган карыз боюнча соттун чечими чыккан учурларды кошпогондо).
Мындан тышкары, соттун чечими бар болгонуна карабай, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде айрым багыттар боюнча 2024–2025-жылдарга чейинки мөөнөттөрдөгү карыздар да эсептен чыгарылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда эгер соттун айыптоо чечими же салык кылмыштары боюнча жыйынтыкталбаган жаза иши болсо, эсептен чыгаруу жүргүзүлбөйт.
Кубанычбек Ысабеков бул чара 12 млрд сомго жакын сумма үмүтсүз карыз болуп, алты жылдан ашуун убакыттан бери төлөнбөй келгенине байланыштуу ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.
“Эсептен чыгаруу Салык кызматына базаны тазалоого жана ишти таза барактан баштоого мүмкүндүк берет”, — деди ал.
Кубанычбек Ысабеков карызды кечүү алдамчылык фактылары менен карызы пайда болгон салык төлөөчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө жардам берерин кошумчалады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров “Калктын жана ишкердик субъекттердин салык жүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.
Мыйзамда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, экономикалык туруктуулукту колдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер каралган.
Булак “Кабар” агенттиги