Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги окуяда жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди
КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жалпысынан 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылса, анын ичинен 20-майдын таңына карата 11 бейтап ооруканада дарыланууда.
Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бирине жабык баш мээ жаракаты диагнозу коюлган. Экинчи жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.
Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарылануусун улантууда, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
Кошумчалай кетсек, 19-майда дагы 8 чет элдик жаран медициналык жардам алууга кайрылып, Эл аралык медициналык университеттин клиникасына жаткырылган. Бир күн мурун КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникага барып, алардын ден соолугунун абалы менен таанышты. Экөөнө мурун сөөктөрү сынган деген диагноз коюлса, калгандарында жабык баш мээ жаракаттары, ооруксунуу болгон. Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы салыштырмалуу
канааттандырарлык. Өз сөзүндө министр жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү анын жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жабыркагандарды дарылоо жана керектүү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бардык чыгымдар акысыз болот», – деп кошумчалады министр.