Саламаттык сактоо министрлиги: Арка-2 айылында жарылуудан жабыркагандардын абалы туруктуу
Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында үйдөгү жарылуудан жабыркагандардын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон маалымдашкандай, күн мурун саат 17:00дө Кулунду жалпы дарыгерлик практика борборуна Тез жардам кызматы менен эки бейтап жеткирилген.
Дарыгерлер шашылыш түрдө аларга операция жасаган. Учурда экөөнүн тең абалы туруктуу деп бааланууда.
Бүгүн бейтаптардын дарылануусун улантуу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда кеңешме болду. Кошумча диагностикалык изилдөөлөр өткөрүлдү.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы Лейлек районунун Арка-2 айылында үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдары менен темир буюмдарды жыйнап жатып таап алган белгисиз жарылгыч зат (снаряд) жарылып кеткендигин маалымдаган.
Жарылуу болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышканы, Кыргызстандын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап болгон окуя тууралуу кабардар болгондугу айтылган.