Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

 Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 27-октябрда Казакстан Республикасына болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Астана шаарында жогорку деңгээлдеги, анын ичинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, Кыргызстан Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп тургандыгын белгиледи.

Ушул эле күнү кечинде Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шарл Мишель Астана шаарында 29-октябрга чейин улана турган Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.

Иш сапарын жыйынтыктаган соң президент Садыр Жапаров 27-октябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Связанный пост