Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу “Мурас” достук футбол турнири башталды

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен 31-май жана 1-июнь күндөрү өтө турган “Мурас” футбол турнири башталды.

Мамлекет башчы бардыгын салттуу футзал турниринин башталышы менен куттуктап, беттеш сегизинчи жолу өтүп жатканын эске салып, «Мурас» турниринин максаты – эл арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, спорт менен машыгууга, анын ичинде футболго кызыгуу жаратуу экенин белгиледи.

Садыр Жапаров спорт тармагында инфраструктуралык өзгөрүүлөр болуп жатканын баса көрсөттү.

Өлкө боюнча бассейндер, заманбап стадиондор, бокс, күрөш жана спорттун башка түрлөрү боюнча спорттук залдар курулуп жатат.

«Жакында Беш-Күңгөй айылында стадион ачып, «Талант» командасына өткөрүп бердик. Ал эми бир жума мурда Каракол шаарындагы стадионду оңдоп-түзөө иштерин аяктадык. Ал «Барс» командасынын аренасына айланды. Ага чейин өлкөнүн аймактарында жаңы стадиондорду куруу жана буга чейин бар болгон стадиондорду капиталдык оңдоо иштери башталган», – деди Мамлекет башчы.

Ал «Мурас» турнири өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук актаганын канааттануу менен белгиледи. Жыл өткөн сайын мамлекеттик кызматкерлердин жана жалпы калктын спортко болгон кызыгуусу өсүп жатканын байкоого болот.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле дене тарбияны кеңири жайылтуу жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу оорулардын алдын алуунун натыйжалуу жолдорунун бири экенине ишенем билдирди.

Турнирдин ачылыш аземи Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында өттү. Мелдештерге 16 команда катышууда.

Оюндар эки жерде: Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөрүлүүдө.

Турнирдин катышуучулары:
– Президенттин Администрациянын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;
– Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;
– Банктардын жана бизнестин өкүлдөрү — “Банктар жана Бизнес”;
– ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;
– Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары, “Алга” ФК легендалары — “Спорт Чеберлери”;
– Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү – “Жогорку Кеңеш”;
– Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;
– Дин өкүлдөрү — “Ыйман;
– Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;
– Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;
– Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;
— Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;
— ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;
— Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;
– Өткөн мелдештин жеңүүчү командасы “Мурас-Аймак”-“Ноокат”;
– Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.

Эртең, 1-июнда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер өтөт.

Оюндардын түз берүүлөрүн УТРК Спорт жана ЭлТР каналдарынан көрүүгө болот.

Связанный пост