Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Астананын Эгемендүүлүк Сарайына келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Астана шаарынын Эгемендүүлүк Сарайына келди.
Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.
ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун Баш катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.