Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты
Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов бүгүн, 5-июнда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты.
Садыр Жапаров менен Рустам Минниханов Кыргызстандын бай тарыхый-маданий мурасын чагылдырган маданий борбордун экспозициясы, ошондой эле комплекстин архитектуралык объектилери менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө ардактуу коноктор Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан кыргыздын элдик музыкалык аспабы – комуздун формасындагы уникалдуу пирсти да көрүп чыгышты.