Садыр Жапаров “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысына жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашаары маалымдалды. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350 жүргүнчүнү түзөт.

Садыр Жапаров белгилегендей, азыркы тапта өлкөбүздө авиажүргүнчүлөрдүн агымынын олуттуу өсүшү менен ички жана эл аралык аба каттамдарына суроо-талаптар жогорулоонун үстүндө. Бул өлкө аймагында аэропортторлу кеңейтүү зарыл дегенди туюндурат.

«Соңку жылдары өлкөбүздө авиация тармагында кеңири реформалар жүргүзүлүп, коопсуздукту жогорулатуу, инфратүзүмдү жаңылоо, кадрдык базаны чыңдоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында реалдуу жыйынтыктарга жетиштик. «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропортунун курулушун баштоо буга айдан ачык мисал болуп бере алат», – деп баса белгиледи президент.

Аэродромдун инфратүзүмү эл аралык стандарттарга жооп берет: 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, эки рулеждик жолчо жана алты учак токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

Мамлекет башчы Кыргызстан 2006-жылдан бери кирген Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатканын жана буга чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эки аудитинен өткөнүн баса белгиледи. Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги ушул айда Брюсселге кошумча документтерди тапшырууну пландоодо.

Ал ошондой эле Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту колледжден жогорку окуу жай катары кайра түзүлгөнүн эске салды. Бул чечим материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды айкалыштырууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

«Өлкөдө 2021-жылдан бери жүргүнчүлөрдүн агымы 46%га, рейстердин саны 31%га өстү. Жаңы учактар алынып, мурда токтоп турган аймактык аэропорттор ишке киргизилди. Мындай жетишкендиктерибиздин арасында “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын ордун баса белгилеп, анын ички каттамдарды баарын калыбына келтирип, Талас, Каракол, Кербен сыяктуу шаарлар менен аба байланышын камсыз кылууга жетишкендигин айта кетейин», – деди Садыр Жапаров.

Азыркы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. 1972-жылдан бери аэробекет имараты жана асфальтталган учуу-конуу тилкеси ачык. Быйыл бул жерде 80 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөө күтүлүүдө. Бирок азыркы инфратүзүмү өсүп жаткан агымга туруштук бере албайт.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров жөн гана оңдоп-түзөбөй, нөлдөн баштап курула турган «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропорту жалпы Фергана өрөөнүндө логистика, соода, туризм жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын канааттануу менен белгиледи.

Связанный пост