Садыр Жапаров Ысык-Көл көлүн өнүктүрүү долбоору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына долбоордун алкагында Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландаштырылып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, долбоордо суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станцияны куруу каралган. Ошондой эле объектти натыйжалуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар, 12 насостук станцияны куруу мерчемделген. Эки ири насостук станциянын курулушу башталды.

Туристтик инфраструктураны жакшыртуунун алкагында долбоорго А.Осмонов атындагы паркты көрктөндүрүү, “Саймалуу Таш” музей комплексин реконструкциялоо, Чолпон-Ата шаардык музейин реконструкциялоо жана жээк бойлой велосипед жана чуркоочу жолдорун камтыган эки промендад куруу кирет.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун жалпы наркы 64,9 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 31,0 млн доллары – гранттык каражат, 25,0 млн доллары – кредиттик каражат жана 8,9 млн доллары – Кыргыз Республикасынын тең каржылоосу.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында China Road компаниясы менен саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле Алкаташ компаниясы менен башкы жана ортоңку канализациялык насостук станцияларды куруу жана 5,9 км канализациялык коллекторлорду төшөө боюнча келишимге кол коюлду.

Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоо, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана туруктуу туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнө катуу көзөмөл жүргүзүүнү, ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык тараптардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууну тапшырды.

Связанный пост