Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар стратегиялык кызматташтыкты, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоону, ошондой эле ар кыл багыттагы эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.
Мамлекет башчысы боордош Түркия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн пайдаланылбаган зор потенциал бар экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Нуман Куртулмуш жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровго Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жылуу саламын айтып, боордош республиканын элине терең урмат-сый билдирди.
Ал түрк тараптын ар кыл чөйрөлөрдө эки жактуу кызматташууну, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууда жигердүү катышууга даярдыгын ырастады.