Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

 Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана боордош өзбек элинин өнүгүүсү менен гүлдөп өсүшү үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, коңшулаштык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө өз ара даярдыктарын билдиришти.

Связанный пост