Садыр Жапаров: Президенттик шайлоодо эч кимге бут тосуу болбойт

 Садыр Жапаров: Президенттик шайлоодо эч кимге бут тосуу болбойт

Президент Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу ал журналист Али Токтакуновго маек берип жатып айтты.

Ошондой эле өлкө башчысы шайлоого катышууну каалаган талапкерлер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгиледи.

“Баарына жол ачык. Ким барам десе, бара берсин. Биз эч кимди чектебейбиз. Бут тосуу деген болбойт. Шайлоо таптаза өтөт”, — деди Садыр Жапаров.

Связанный пост