Президент: Коррупциядан кайтарылган 300 млрд сомдук сумма кайрадан текшерилүүдө
Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке кайтарылган мүлктүн айрымдары рыноктук баасынан бир нече эсе жогору бааланган. Мындан улам кайтарылган каражат жана мүлк боюнча айтылган 300 млрд сомдон ашык сумма кайрадан текшерилүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин коррупциядан мамлекетке 4 млрд долларга жакын каражат жана мүлк кайтарылганы тууралуу маалыматтар айтылган. Бирок президент мүлктү баалоодо ашыкча көрсөткүчтөр колдонулганын белгиледи.
“Чынын айтыш керек, коррупция менен күрөшүүдөн 4 млрд доллар түшкөн жок. 300 млрд сомдон ашык деген сумма айтылганда эле айттым эле. Мына 10 млрд төктүрдүк, быйыл 50 млрд төктүрдүк деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда эле айттым “Ай досум, цифралар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса эл жеп алды деп айтат. Цифралар менен ойнобой, реалдуу түрдө айт” деп.
Кандайча 300 млрд сом болуп кеткенине токтолоюн. Мисалы, мыйзамдагы уурунун же башка коррупционердин 100 миң долларлык батирин 300 миң долларга баалап ала берген.
Аны сен 300 миң долларга кимге сатасың? Эгер рынокто 100 миң доллар турса. Канча мүлк түшкөн жана кайра канчага сатылганы боюнча азыр ревизия жүрүп жатат. Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда сатылбай турган мүлктөр жүздөп саналат. Алар ошол 1 млн доллар турса, 10 млн долларга баалап алып, кайра сата албай калган мүлктөр”, – деди президент.
Эске салсак, 2025-жылдын декабрында Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн 5 жылында мамлекетке 300 млрд сомдон ашык каражат, миңден ашуун объект жана 30 миң гектар жер кайтарылганын билдирген.