Садыр Жапаров: Пенсиядагы мугалимдер жаштарга орун берет
Президент Садыр Жапаров кезекте турган жаш мугалимдерди жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президент Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөгөн. Бирок пенсия курагындагы мугалимдерди Эмгек кодексинин талаптарына ылайык, өз ыктыяры менен жумуштан кетмейинче кызматтан бошотуу кыйын болууда.
“Айлык акы жогорулагандан кийин эч кимдин кеткиси келбей калды. Тескерисинче, орун берүүнү талап кылып жатышат. Пенсия курагындагы мугалимдердин арасында 68–70 жашка чыккандар да бар. Ал эми Нарын сыяктуу бийик тоолуу аймактарда пенсия курагы 45–50 жаштан башталат”, — деди министр.
Министр белгилегендей, пенсия курагындагы мугалимдерди жумуштан бошотуу боюнча чечимдер сот аркылуу жокко чыгарылып, алар кызматтарына кайра калыбына келтирилген учурлар да бар. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл.
Буга жооп кылып, президент кезекте турган жаш мугалимдер көп болсо, маселени мыйзамдык негизде чечүү керектигин белгиледи.
“Анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыгып, карагыла. Бул маселени мыйзам менен чечели”, — деди Садыр Жапаров.