Садыр Жапаров Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдорду ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдордун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүт өлкө аймагында 100 ири өнөр жай ишканасы ишке киргизилгенин айтты.

“Жыл сайын жумуш орундарын түзө турган, өлкө экономикасына өз салымын кошо турган өнөр жай ишканаларын куруу аракетибиз быйыл да жигердүү уланууда”, – деп баса белгиледи Президент.

Садыр Жапаров иш-пландардын алкагында бүгүн кирпич жана байытылган көмүр чыгаруучу “Ош таза көмүр” жаңы заводдорунун ишке кирип жатканын белгилеп өттү.

9 миллиондон ашык АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатка ишке ашырылган бул инвестициялык долбоор Кара-Суу районунун калкы үчүн 250 жумушчу орун түзмөкчү. Жылына 50 миллион даана кирпич жана 600 миң тонна көмүр продукциясын өндүрүү планы бар.

Президент инвестицияларды, анын ичинде жеке фонддорду жана банктык салымдарды тартуу бизнес-коомчулуктун мамлекеттин экономикалык саясатына болгон ишенимин бекемдээрин жана башка инвесторлорго Кыргызстан жаңы өндүрүштөргө ачык экендигин жана өлкөдө ири бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн көрсөтүп турарын баса белгиледи.

“Эң башкысы аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү стратегиялык артыкчылык болуп саналат”,- деди Мамлекет башчысы. Ал мындай долбоорлор экономиканын туруктуулугун чыңдоого, курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна токтолду.

Садыр Жапаров алдыга чоң максаттарды коюлуп, район аймагына жаңы заводдордун курулушу – өндүрүш тармагын өнүктүрүү үчүн башка бизнесмендерге жаңы идеялардын жаралышына жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачылышына мыкты мисал болоорун белгилей кетти.

“Заводдордун иши ийгиликтүү болсун, бүгүнкү күндөгү атаандаштыкка жөндөмдүү, технологиялык жактан өнүккөн ишкана болсун! Мээнет төккөндөрдүн колу мындан ары да берекеге, ийгиликке тунсун”, – деп Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктады.

Андан соң ишкананын расмий ишке киришин белгилеген – лента кесүү аземи болуп өттү. Президент Садыр Жапаров үчүн чийки затты даярдоодон баштап, даяр продукцияны таңгактоого чейинки продукцияны өндүрүлүшүнүн толук автоматташтырылган цикли көрсөтүлдү.

Аягында Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашты, алар аймакка көңүл бурганы, демилгелерди колдогону жана маанилүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырганы үчүн ага ыраазычылыгын билдиришти.

Связанный пост