Садыр Жапаров Намибиянын Президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Намибия Республикасынын Президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту.

Тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибия алакаларынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2000-жылы түзүлгөндүгү белгиленди.

Эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыкты баса белгилешти.

Связанный пост