Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти телефон аркылуу сүйлөштү

 Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө канааттангандыгын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү улана берерине ишеним билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ильхам Алиев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Связанный пост