Садыр Жапаров: Максим Бакиев келсе, чек арадан эле түрмөгө кетет

 Садыр Жапаров: Максим Бакиев келсе, чек арадан эле түрмөгө кетет

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү ЖМКлардын бирине курган маегинде, журналисттин “Максим Бакиев учак менен Бишкекке жашыруун келип-кетти деген маалыматтар социалдык тармактарда жазылды” деген суроосуна жооп берди.

Президент өз сөзүндө Максим менен Жаныш Бакиевдерге “өмүр бою камакта олтурушсун” деген соттун өкүмү чыккандын айтты.

“Өкүм күчүндө турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Алар келсе, чек арадан эле түз түрмөгө барышат. Максим Бакиев учак менен Бишкекке жашыруун келди деген жалган сөз. Мындай сөздөрдү чет өлкөдө качып жүргөн, өздөрүн блогер же журналистпиз деп атап алгандар таратып жүрүшөт. Аларга ишене бербегиле”, – деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Связанный пост