Садыр Жапаров Лев Толстой атындагы тынчтык сыйлыгынын лауреаты болду

 Садыр Жапаров Лев Толстой атындагы тынчтык сыйлыгынын лауреаты болду

Экинчи эл аралык тынчтык сыйлыгынын лауреаттары болуп Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын лидерлери Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев жарыяланды.

Салтанаттуу азем Москва шаарында улуу жазуучу жана ойчул Лев Толстойдун туулган күнүндө өттү. Бул тууралууТАСС агенттиги маалымдады.

«Л. Н. Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгынын калыстар тобунун чечими менен 2025-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев лауреат деп табылды. Чечим бир добуштан кабыл алынды», — деди калыстар тобунун төрагасы, Мариин театрдын көркөм жетекчиси жана башкы директору, ошондой эле Большой театрдын башкы директору Валерий Гергиев.

Сыйлыкты уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, үч өлкөнүн лидерлери Борбор Азия аймагындагы тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн бул ардактуу сыйлыкка татыктуу болушту.

Сыйлыктын уюштуруу комитети белгилегендей, үч өлкөнүн лидерлерине бул ардактуу сыйлык Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон жеке чоң салымы үчүн ыйгарылды.

Алар 31-мартта Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюшуп, жалпы чек араларды мыйзамдуу түрдө каттоону толук аяктап, «ушуну менен эл аралык укуктун негизинде жалпы жана бирдей коопсуздукту камсыз кылууга, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошконун» эске салышты.

Эл аралык таануу

Гергиев жетектеген эл аралык калыстар тобунун курамына Аргентина, Беларусия, Индия, Кытай, Россия, Франция, Түштүк Африка жана Япониядан келген саясий жана коомдук ишмерлер кирген.

«Бул сыйлыктын мааниси улам өсүп, ал барган сайын чоң аймакты камтып жатат. Ошондой эле бул сыйлык Россиянын тынчтыкты жана туруктуулукту илгерилетүүдөгү лидерлигин көрсөтүп турат», — деди салтанатта Франциянын Бешинчи республикасынын негиздөөчүсү генерал Шарль де Голлдун небереси Пьер де Голль.

Анын айтымында, 2025-жылы бул сыйлыкты тынчтык үчүн иштеп, гуманитардык жол менен көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы моделин түзүп жаткан мамлекет башчылары алышты.

«Мен бул жерге Франциянын жана Европа Биримдигинин өкүлү катары келдим, бирок Россиянын досу болгонума кубанычтамын. Тилекке каршы, азыркы учурда ЕБ жана Франция тынчтыкка жетүүнүн жакшы үлгүсүн көрсөтө албай жатат», — деп кошумчалады ал.

Л. Н. Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгынын фонду 2022-жылдын 22-июнунда Орус тарых коомунун, Орус тынчтык фондунун жана Орус аскер-тарых коомунун демилгеси менен түзүлгөн.

Сыйлыкты тапшыруу аземинин датасы жакын арада маалымдалат.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост