Садыр Жапаров Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.
Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги диалогдун жолго коюлушу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелеринин бардык спектрин активдештирүү үчүн дем берүүчү таасирин тийгизгенин белгиледи.
Ал ынак коңшулукка, достукка жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелеринин мындан ары да өнүгүүсү эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгына жооп берип, региондогу стабилдүү өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
«Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок», — деди Садыр Жапаров.
Президент Кыргыз Республикасы ШКУнун негиздөөчүлөрүнүн бири катары Уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин, аны Борбордук Азия чөлкөмүндө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуунун маанилүү фактору катары карай турганын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы «Бир алкак жана бир жол» долбоорун мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу ШКУ өлкөлөрүнүн алкагында экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, инфраструктураны жана маданий өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров кыргыз тараптын «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
«ШКУнун саммитинин алкагында бул долбоор боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу кытай, кыргыз жана өзбек тараптарынын мындан аркы практикалык биргелешкен аракеттери үчүн маанилүү негиз болуп каларына ишенем. Бул документ Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын жолду куруудагы ниеттеринин биримдигин бекемдейт», — деди ал.
Президент Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. «Бул сапар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ынак коңшулаштыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө, эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң салым болоруна ишенем», — деди ал.
Өз кезегинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаров менен ушул жылдын февралында болгон жолугушуу жемиштүү болгонун, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилгенин белгиледи.
«Сиз Мамлекет башчысы катары реформаларды жүргүзүү жана Кыргызстан элинин бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жатасыз, бул сиздердин калк арасында чоң колдоо тапты. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы ишенимдүү өнүгөт деп ишенем», — деди КЭР Төрагасы.
Си Цзиньпин Кытай Кыргызстандын реформаларды өткөрүү боюнча аракеттерин колдоорун баса белгиледи.
«Кыргызстан менен Кытайдын бирдиктүү тагдыры коомчулугунун“ калкагында КЭРдин эң достук коңшуларынын жана жакын өнөктөштөрүнүн бири. Сиздердин Республика КЭРдин тышкы саясатында маанилуу орунду ээлейт. Биз өз ара колдоону бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даярбыз», — деп кошумчалады ал.
Кытайдын лидери эки тараптуу кызматташуунун алкагында эки мамлекеттин алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди атады. Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча орто жана узак мөөнөттүү милдеттер. Си Цзиньпин кытай тараптын Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.
Ал Кытай «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү колдоорун жана кызыкдар экенин белгиледи.
Ошондой эле, КЭР Төрагасы кытай тарап БУУнун алкагында Кыргызстан менен кызматташууну бекемдөөгө жана эл аралык аянтчада кыргыз тараптын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.
Сөзүнүн соңунда Төрага Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга сапар менен келүү боюнча чакыруусун кабыл алды. Сапардын датасы дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.