Эми эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерүүгө болот

 Эми эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерүүгө болот

Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

“Ар бир жаран эттин сапатын, малдын жашын, ал кайдан келди, качан союлду, эт азыгы тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баарын QR-код аркылуу биле алат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.

Связанный пост