Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

 Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын, ошондой эле анын «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу жолугушуу эки өлкөнүн алака-катышын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Ал биргелешкен күч-аракеттердин аркасында жетишкендиктер арбып, эки тараптуу өнөктөштүк мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине бекем ишенимин билдирди.

Казакстандын Президенти Кыргыз Республикасынын Казакстанда өтө турган Маданият күндөрүн канааттануу менен белгилеп, эки мамлекеттин элдеринин байланышын бекемдөөдө бул иш-чаранын маанилүү экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык түзүлүп, конструктивдүү жана ишенимдүү диалог жолго коюлганын белгиледи. Бардык багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тарапты тең кызыктырган кызматташуу жигердүү өнүгүп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү жогорулап, ушу тапта ал 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га өстү.

Ошону менен бирге ал эки тараптуу мамилелердин маанилүү багыттарынын бири болуп саналган маданий-гуманитардык байланыштарга өзгөчө басым жасап, аларды сөзсүз түрдө өнүктүрүп-өстүрүү керектигин билдирди.

Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өтөт турган Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышы жана башка иш-чаралар эки өлкөнүн, эки элдин боордоштук мамилелеринин чыңдалышына, өнүгүшүнө өбөлгө боло тургандыгына токтолду.

Садыр Жапаров учурдан пайдаланып Касым-Жомарт Токаевге өлкө Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө ийгиликтерди каалап, казак эли эгемен Казакстандын жаркын келечегине жана мамлекетти туруктуу өнүктүрүүгө багытталып жүргүзүлүп жаткан саясатты колдоо менен туура тандоо жасарына ишенерин билдирди.

Связанный пост