Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

 Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.

 

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр бар:

 

– Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

– Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев.

Связанный пост