Садыр Жапаров энергетика системасына өздүк фондунан $300 млн бөлөт
Кыргызстанда энергетика тармагын жаңылоого жана жаңы инфраструктураларды курууга президент Садыр Жапаров өздүк фондунан 300 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рыспеков өлкөнүн энергетика тармагындагы учурдагы абал боюнча маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өткөн аптада электр тармагындагы көйгөйлөр боюнча президент Садыр Жапаровго маалымат берип, аларды чечүү боюнча сунуштар берилген.
“Мамлекет башчысы абалды түшүнүү менен кабыл алып, энергетика тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтө турганын билдирди. Шаар ичинде чоң электр линияларын жана көмөк чордондорду куруу боюнча сунуш бердик. Бул иштер үчүн болжол менен 300 млн доллар каражат керек болот. Энергетика системасына буга чейин мындай көлөмдө каражат бөлүнгөн эмес. Маселе өздүк булактар же насыя алуу жолу менен чечилип келген”, — деди министр.
Ал белгилегендей, бөлүнгөн каражаттын эсебинен Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында 110–220 кВ чыңалуудагы жаңы электр чубалгылары, ошондой эле көмөк чордондор курулат.
Министрдин маалыматына ылайык, учурдагы электр тармагындагы айрым ири линиялар жана көмөк чордондор көп жылдан бери жаңыланган эмес. Ошондуктан жаңы инфраструктураларды куруу электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүнү камсыз кылуу жана келечектеги керектөөнүн өсүшүнө даяр болуу үчүн зарыл.
“Эң негизгиси — көйгөй бар экенин мамлекет башчысы өзү угуп, тиешелүү чечим кабыл алды. Учурда тиешелүү тапшырмалар берилип, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер башталат”, — деп кошумчалады Рыспеков.