Кожомкул айылында мектептен чыккан өрт өчүрүлдү
Бишкектин четиндеги Кожомкул айылында мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, өрт саат 12:09да чектөөгө алынып, саат 12:36да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-октябрда Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Горький көчөсүндө жайгашкан мектептен өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүү бөлүмү жана ыкчам топ тартылган.