Коомдук транспорттун айдоочуларына талап күчөйт
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев автобус айдоочулары менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол эрежелерин сактоо боюнча талаптарды койду.
Буга бир күндө үч автобустун катышуусунда жол кырсыктары катталганы себеп болгон.
Жолугушууда Жунушалиев катталган 3 кырсыкта тең автобустун айдоочулары күнөөлүү экенин айтты.
“Мына биз 3 жылдан бери автобустарды алып, шаарды автобус менен камсыздап келебиз. Бирок, эгерде силер ушундай мамиле кыла турган болсоңор, аягында автобустар дагы калбай калчудай болуп жатат”, – деген ал айдоочулар шаар тургундарынын өмүрү жана коопсуздугу үчүн жооптуу экенин белгилеп, жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Ошондой эле мэр жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата чараларды күчөтүүнү талап кылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлү автобустардын алдына жана артына WhatsApp байланыш номерлерин жайгаштырып, эреже бузууларды видеого тартып жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.