Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында: Дүйнө алдында маанилүү 2 тандоо турат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

 

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

 

“Урматтуу Генералдык катчы,

 

Урматтуу Төрага,

 

Урматтуу делегация башчылары,

 

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

 

Африка мамлекеттерин жана урматтуу Филемон Янгды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктайм.

 

Сизге бул жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалайм жана Кыргыз Республикасы сиздин төрагалыгыңызга тынчтык менен туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында толук колдоо көрсөтө турганына ишендирип кете алам.

 

Ошондой эле, урматтуу Дэннис Фрэнсиске 78-сессиядагы активдүү иши үчүн ыраазычылык билдирем.

 

Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык укукка, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерине жана жоболоруна берилгендигибизди тастыктайм жана Уюмдун эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу, глобалдык социалдык, экономикалык жана климаттык чакырыктарды чечүү, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча аракеттерин толук колдойбуз.

 

Заманбап глобалдык көйгөйлөр, анын ичинде климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугуна болгон коркунуч жана өсүп жаткан теңсиздик эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттерин талап кылат.

 

Бул турбуленттүү мезгилде мен бардык мамлекеттерди Бириккен Улуттар Уюмунун негизги миссиясын – тынчтыкты камсыз кылуу жана учурдагы тобокелчиликтер менен коркунучтардын алдын алуу ишин улантууга чакырам.

 

Азыр бул колдоо өтө маанилүү.

 

Мен Генералдык катчы мырза Антониу Гутерриштин жетекчилиги жана мамлекеттердин активдүү колдоосу менен биздин Уюм өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткарып, мамлекеттерге глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берет деп үмүттөнөм.

 

 

 

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

 

Биз жылдан жылга туруксуз жана татаал болуп бараткан дүйнөдө жашап жатабыз.

 

Алдыбызда мурун болуп көрбөгөндөй чакырыктар турат: глобалдык климаттык катастрофа, континенттерди бөлгөн экономикалык теңсиздик жана, албетте, элдердин келечекке болгон тынчтык үмүтүн жок кылган кагылышуулар.

 

Ушул учурда биз дүйнөдөгү куралдуу чыгымдардын жыл сайын өсүп жатканын көрүп турабыз, ошол эле учурда жакыр жана аялуу мамлекеттер өздөрүнүн өнүгүүсүнө жана жашоо шартын жакшыртууга жетишпей жатышат.

 

Мен биздин доордун эки карама-каршы чындыгына көңүлүңүздөрдү бургум келет.

 

Биринчи чындык – бул куралдуу керектөөлөргө болгон чексиз чыгымдар.

 

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөлүк куралдуу чыгымдар 6,8% өсүп, рекорддук 2,5 триллион долларга жеткен, же глобалдык Ички дүң өндүрүшүнүн 2,3% түзөт.

 

Бул акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку сумма.

 

Алдыңкы державалар ири каражаттарды куралдуу күчтөрдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, арсеналдарды кеңейтүүгө жана жаңы, кыйратуучу куралдардын түрлөрүн иштеп чыгууга жумшап жатышат.

 

Тилекке каршы, бул көптөгөн мамлекеттер жана элдер негизги кызматтарга – суу, медициналык жардам жана билимге жеткиликтүүлүктү ала албай жаткан дүйнөдө болуп жатат.

 

Биз согушка, кыйроого жана өлтүрүлүүлөргө кетип жаткан акчаларды жаратууга же бүткүл адамзат үчүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө, глобалдык миграциянын алдын алууга жардам берүү үчүн колдонсок жакшы болмок.

 

Аскердик чыгымдар жана куралдуу чыр-чатактар ​​көптөгөн мамлекеттерге кыйратуучу таасирин тийгизип, жакырчылыкты жана теңсиздикти ого бетер күчөтүп жатат.

 

Чыр-чатактар ​​жана куралдуу кагылышуулар инфраструктуранын кыйрашына, элдин жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө жана массалык миграцияга алып келди, жакырчылык жана туруксуздуктун татаал айлампасын жаратты.

 

Бир катар мамлекеттер курал-жаракка бюджеттерин көбөйтүп жаткан учурда, жардамга муктаж болгон көптөгөн мамлекеттер кадимки жашоого мүмкүнчүлүктөн ажырап жатышат.

 

Экинчи чындык – бул жакыр жана аялуу мамлекеттерге жардам берүүдө прогресстин жоктугу.

 

Биз баарыбыз билебиз, экономикалык теңсиздик өсүүдө.

 

Дүйнө лидерлери ондогон жылдар бою жакырчылыкты жоюу зарылдыгы жөнүндө айтып келишет, бирок бул үчүн өздөрүндө жетиштүү эрк болбой жатат.

 

Африка, Түштүк Азия жана Латын Америкасынын мамлекеттери дале өнүгүүгө керектүү каржылоо тартыштыгына, эл аралык коомчулуктун колдоосунун жоктугуна жана экономикалык системалык кризистерге туш болушууда, бул проблемаларды өз алдынча мамлекеттер чече алышпайт.

 

Эң төмөнкү экономикалык деңгээлде турган өлкөлөр саламаттыкты сактоо, билим берүү, инфраструктура жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө инвестицияларга муктаж.

 

Курал-жаракка кеткен чыгымдардын ылдам өсүшүнүн фонунда бул мамлекеттерге жардам жетишсиз бойдон калууда. Гуманитардык жардам көрсөтүү жана өнүгүүгө көмөктөшүү программалары көп учурда каржылык тартыштыкка туш болуп турганда бул ресурстар курал-жарак сатып алуу жана аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууда.

 

Мамлекеттер арасындагы теңсиздик азайбастан, күчөп жатат.

 

Дүйнө алдында маанилүү 2 тандоо турат.

 

Биз коопсуздукту куралдуу күчтөр аркылуу курал-жаракты көбөйтүүнү тандап алабыз же жакырчылыкты жоюуга жана эң аялуу болгон адамдарды колдоого багытталган туруктуу өнүгүүнү тандап алабыз.

 

Аскердик чыгымдарга жумшалган ресурстар таза сууга жетүү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү балдардын билими, ачарчылыкка каршы күрөш же климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү программаларына жумшасак чоң салым болмок.

 

Бул багытта прогресске жетишүү үчүн, бай жана муктаж болгон мамлекеттердин биргелешкен аракеттери зарыл.

 

Биринчиден, өнүккөн мамлекеттер муктаж өлкөлөргө финансылык жардамды көбөйтүп гана тим болбостон, аны максаттуу жана инфраструктуралык долбоорлор менен социалдык өнүгүүгө багытташы керек.

 

Экинчиден, муктаж өлкөлөр туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык демилгелерге активдүү катышып, берилген ресурстарды туш келди чачпай, натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттемелерди өз мойнуна алышы керек.

 

Үчүнчүдөн, заманбап технологияларды бай өлкөлөрдөн муктаждар өлкөлөргө өткөрүү маанилүү. Бул муктаж өлкөлөрдүн экономикасын өз алдынча өнүктүрүүгө жана тышкы жардамга көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

 

Бүгүнкү күндө геосаясий чыр-чатактар ​​коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылбастан, аларды чечүү үчүн эл аралык кызматташтык дагы маанилүү болуп жатканын байкоодобуз.

 

Эгерде дүйнөлүк коомчулук ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүү, аялуу мамлекеттерге жардам берүү жана куралдуу кагылышуулардын себептерин жоюу үчүн күчтөрүн бириктире алса, анда биз коопсуз жана гүлдөгөн дүйнөнү түзө алабыз.

 

Эгерде биз согушка эмес, адамдарга инвестиция жасай баштасак, курал-жаракка эмес, билимге, медицинага жана туруктуу өнүгүүгө каражат салсак, гүлдөгөн дүйнөнү сөзсүз түзө алабыз.

 

Глобалдык коопсуздуктун приоритеттерин кайрадан карап чыгуунун мезгили келди. Коопсуздук – бул күчтүү армиялардын жана массалык кыргын куралдарынын болушу гана эмес.

 

Чыныгы коопсуздук элдердин ишеними, теңчилиги жана гүлдөп өсүүсү аркылуу жетишилет.

 

Муктаж өлкөлөрдүн келечегине инвестиция салып, аларга жакырчылыкка каршы күрөшүүгө жардам берип, туруктуу өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзсөк, биз туруктуу жана коопсуз дүйнөнү кура алабыз.

 

Бул контекстте мен Глобалдык Түштүктүн туруктуу өнүгүүсүнө жана, биринчи кезекте, “эң өнүкпөгөн өлкөлөрдүн”, “деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн” жана “өнүгүп келе жаткан чакан арал мамлекеттеринин” кызыкчылыктарын коргоого эл аралык коомчулуктун көбүрөөк көңүл бурушун маанилүү жана адилеттүү деп эсептейм.

Связанный пост