Сүлүктү шаарына 155 жыл:Шаарда бүгүн үч ишкана ачылды

Бүгүн 23-сентябрда Сүлүктү шаарынын 155 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленүүдө.

Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Ажибеков,район шаар башчылары катышууда.

Бул күнү шаарда «Бакай» өндүрүштүк комплексиндеги кап иштеп чыгаруучу завод ачылып пайдаланууга берилди.

Жеке ишкер заводго 30 млн сомдук жабдыктарды орноткон,натыйжада 75 жумушчу иштеп,күнүнө 30 миң даанадан кем эмес кап чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.Ишкананын ачылуусуна Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду колдоо көрсөткөн.

Мындан сырткары шаарда жаңы тигүү цехи пайдаланууга берилди.

Жеке ишкер тарабынан 60 миң АКШ доллары жумшалган ишканада 60 жумуш оруну түзүлгөн.

Ошондой эле бул күнү Баткен Мамлекеттик Университетинин базасында балдар бакчасы да ачылды.Билим уясы 100 орунга ылайыкташкан.

Аны менен катар жетекчилер Сүлүктү РЭТинин имаратынын курулушуна капсула салышты.Курулуштун сметалык баасы 35 млн сомду түзөт.

Жетекчилер мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган жерине барып зыярат кылуу менен Куран окуп бата кылышты.

Шаардын 155жылдык мааракеси борбордук стадиондо уюштурулган этно шаарчада улуттук кол өнөрчүлүк,тамак аш көргөзмөсү менен башталып, майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө жетекчилер шаар калкын мааракеси менен куттукташты.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев кылымдарды карыткан,тарыхий шаардын түптөлүү тарыхына токтолуп, Совет доорунда кара күч,кол эмгек менен көмүр кендерин иштетип,шаарды курган көп улуттуу шаар элинин ынтымагын белгиледи.

Ошондой эле өнүгүүгө өрүш алган өнөр жайлуу Сүлүктү шаарына кең келечек каалады.

Связанный пост