Рысбай Исаков 124 саат манас айтып Гиннес рекорддор китебине кирди
Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргыз Респбуликасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касамбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.
Дүйнөлүк Гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгындыгы айтылды.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында манас айтуу, аны сактоо жана таанытууда түрк дүйнөсүнүн мындай биргелешкен иш-чара улуу Түрк атанын балдары болгон элибиздин ынтымагын бекемдеп, аны даңазалоого жол ачылат.
Иш-чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады.
Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш-чара болуп калды.
Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.