Россиянын абактарында 1800 кыргызстандык бар
2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандын 1800 жараны Россиянын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа-долбоорунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин ортосунда өткөн онлайн жолугушууда айтылды.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү билдиргендей, соттолгон мекендештерибиз Россиянын 87 субъектисинин дээрлик 80индеги түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу өскөн, ал кезде Россиянын абактарында 1 317 кыргызстандык кармалып турган.
Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, тиешелүү мекеме жарандардын жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн өтөө үчүн мекенине кайтып келүү боюнча активдүү иштеп, үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп жатат.
“2025-жыл ичинде Кыргызстанга 211 адам которулган, ал эми 2026-жылдын 1-июнуна карата 199 жаран мекенине кайтып келген. Учурда дагы 84 мекендешибизди которуу иштери жүрүп жатат. Эгерде бардык зарыл документтер ийгиликтүү жана өз убагында жол-жоболоштурулса, алар жыл аягына чейин Кыргызстанга алынып келинет деп күтүлүүдө”, – деп белгиледи дипломатиялык өкүлчүлүк.
Мындан тышкары, жыйында мигранттардын жалпы саны тууралуу маалымат берилди. 2026-жылдын 1-апрелине карата Россияда Кыргызстандын 502 242 жараны болгон. Салыштыруу үчүн айтсак, жыл башында бул көрсөткүч 472 миңди түзгөн.