Россияда кыргызстандыктардын 18 млн рублдан ашык каражаты кайтарып берилди

2025-жылдын 6 айында Россиядагы кыргызстандыктардын 18 млн рублдан ашык каражаты кайтарып берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Жаркынай Галиеванын айтымында, Россияда жашап, иштеп жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо боюнча иштер активдүү уланууда.
“Январдан июнга чейин эмгек акыны убагында ала албай жаткан 621 жарандын атынан 244 кайрылуу келип түшкөн. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын негизинде 211 адамга жалпы 18 млн 178 миң 700 рубль компенсация төлөндү» — деди ал.
Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракат алган 6 жаранга 6 млн 224 миң 400 рубль өлчөмүндө компенсация төлөнгөн”, – деди ал.
Ошондой эле Галиева каза болгон мекендештердин сөөгүн кайтарып келүү маселеси өзгөчө көңүл борборунда экенин кошумчалады. Бул багытта 55 кайрылуу келип түшүп, алардын чыгымдарын жабуу үчүн жалпы 3 млн 940 миң рубль компенсация катары төлөндү.