Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала Кыргызстанга кайтарылды

Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти .
Аларды мекенине кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен тыгыз кызматташтыктын алкагында ишке ашты.
Кайтарылган балдардын ичинен экөө жакын туугандарына өткөрүлдү, калган эки бала Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды.
Министрлик тарабынан бул балдардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Ведомство чет өлкөлөрдө оор кырдаалда калган жаш жарандарды коргоо жана мекенине кайтаруу боюнча иш-чараларды мындан ары да улантат жана бул багытта тиешелүү мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөөнү улантат.