Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты оңдолууда

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVD-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 3 кабаттуу медициналык корпусун оңдоо иштери башталды. РКЖООнун имараты 1989-жылы курулган, пайдаланууга берилгенден бери эч кандай капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

 

Эшиктерди, полдорду, канализация жана суу түтүктөрүн, жылытуу батареяларын алмаштыруу менен ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле электр зымдары алмаштырылып, палаталарга жаңы душ, санитардык түйүндөр орнотулат. Мындан тышкары имаратка абаны желдетип тазалоо системасы орнотулат.

 

Бул Республикалык клиникалык оорукананын башкы корпусу экенин эске алып, бул имаратта оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлүүдө.

 

«Бүгүнкү күндө биздин оорукана 400 бейтапка ылайыкталган. Оорулуулар үчүн ыңгайсыздыктар болушу мүмкүн, анткени биз инфекциялык патологиясы барлардын баарын кабыл алабыз, анын ичинде оорлору да бар. Бул имарат пайдаланууга берилгенден бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес, ошондуктан оңдоп түзөөгө муктаж. Бейтаптар бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенебиз”, – дейт Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын директору Гүлжигит Аалиев.

Маалымат үчүн: Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, уюмдарга дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Связанный пост