Республикалык күйүк борборуна 24 млн сомго жабдуулар сатып алынат

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмү үчүн медициналык жабдууларды жана медициналык буюмдарды сатып алууга 24 млн 431 миң сом суммасында кошумча каражаттарды бөлдү.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жыл сайын Күйүк бөлүмүнө ар кандай түрдөгү күйүк жаракаттары менен 1700дөн ашуун адам кайрылат. Жыл сайын орточо 800 операция жүргүзүлөт, ал эми хирургиялык активдүүлүк 94,1% түзөт.
Бирок керектүү жабдуулардын жоктугу калыбына келтирүү процессин жайлатып, инфекциялардын коркунучун жогорулатат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-июнунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барып, маселе менен жеринде таанышып, заманбап медициналык жабдууларды алып берүү боюнча тапшырма берген.