Республикалык бюджет 20,4 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

 Республикалык бюджет 20,4 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Финансы министрлиги 2023-жылдын январь-август айы үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө алдын ала маалымат таратты.

Республикалык бюджеттин аткарылышынын негизги көрсөткүчтөрү:

Алдын ала маалыматтар боюнча республикалык бюджет боюнча (атайын каражаттар, МИ, ТИМ жана финансылык эмес активдерди сатууларды эсепке алганда) 229 850,8 млн. сом суммасындагы жыйынды кирешелердин жана 209 392,4 млн. сом суммасындагы жыйынды чыгымдарды негизинде 20 458,4 млн сом суммасында профицит менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде профицит 1 641,8 млн. сомду түзгөн.

Мында, 2023-жылдын январь-августунда тартыштыкты жабуу булактары боюнча аткаруу – (-) 6 469,0 млн. сомду түздү, анын ичинен:

Ички булактар – (-) 8 724,2 млн. сом

Тышкы булактар – 2 255,2 млн. сом.

Киреше бөлүгүн аткаруу

2023-жылдын январь-август айларында белгиленген план боюнча 205 013,8 млн. сом республикалык бюджетке жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү иш жүзүндө 229 850,8 млн. сом түшкөн же пландык тапшырма 24 837,0 млн сомго ашык аткарылган же 112,1% түздү. 2022-жылга салыштырмалуу аткарылган кирешелер 38,2 % га же 63 643,9 млн. сомго көбөйгөн.

Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 165 328,2 млн. сом өлчөмүндө түшкөн, ал эми план боюнча 160 801,6 млн. сомду түзөт. Такталган план 3 463,6 млн.сом суммага көп аткарылган. 2022-жылдын январь-август айларынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 102,8%га же 37 752,3 млн. сомго көбөйгөн.

Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 96 538,7 млн. сомду түздү же план аткарылышы 99,6 %га аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдын түшүүлөрү 13 818,0 млн. сомго көбөйгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү январь-август айларында 68 789,5 млн. сомду ашыкча аткарылган же планды 107,7 %ын түздү же 4 911,5 млн. сомго көп. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 23 934,2 млн. сомго көбөйгөн.

Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) план боюнча 37 785,7 млн. сом каралып, 56 945,0 млн. сомду түздү. План 19 159,3 млн.сомго же 50,7% га ашык аткарылган, өткөн жылга карата салыктык эмес кирешелер 27 370,7 млн.сомго көбөйгөн, 2022-жылга карата өсүш темпи 192,5% ды түзгөн.

МИ эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 7 063,3 млн. сомду түзгөн. Мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 478,2 млн. сомго азайган.

 

Связанный пост