Республика боюнча көчмө эмдөө бригадалары иш алып барууда

Республика боюнча көчмө эмдөө бригадалары иштеп жатат.
Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришкендей, эпидемияга каршы иш-чаралардын максаты профилактикалык эмдөө календары боюнча эмдөөдөн өтпөй калган балдарды эмдөө болуп саналат.
Белгиленгендей, республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кызамыкка каршы эмдөө иштерине өзгөчө басым жасалууда. Ошондой эле мобилдик топтор өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөдө.
“Өлкөдө жыл сайын график боюнча 78 мобилдик бригада иштейт, алар жетүүгө кыйын аймактарга профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн барышат. Бул алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочуларына иммунизацияга жетүүгө, камтууну көбөйтүүгө жана калкты жугуштуу оорулардан, анын ичинде кызамыктан коргоого мүмкүндүк берет”,-деп айтылат маалыматта.