Республика боюнча 1-2-класстарга дээрлик 207 миң бала кабыл алынды

 Республика боюнча 1-2-класстарга дээрлик 207 миң бала кабыл алынды

25-августка карата мектептерге республика боюнча 206 миң 835 бала кабыл алынды. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, кошумча квоталарды эсепке алганда 1-2-класстарга балдарды кабыл алуу үчүн аймактык бөлүмдөр тарабынан 2025-2026-окуу жылына карата берилген орундардын жалпы саны 306 миң 407ни түздү.

Мектептерге кабыл алынган 206 миң 835 баланын ичинен 1-класска – 93 669, 2-класска – 113 166 бала барат.

Класстар боюнча орундардын бөлүштүрүлүшүнө көз чаптырсак,

1-класстар – бардык бөлүнгөн орундардын саны – 144 377, катталгандардын саны – 93 669, бош орундардын саны – 53 547;

2-класстар – бардык бөлүнгөн орундардын саны – 159 192, катталгандардын саны – 113 166, бош орундардын саны – 46 026.

Жалпысынан республика боюнча бош орундардын жалпы саны 99 573тү түзөт.

Бишкек шаары боюнча бардык бөлүнгөн орундардын саны – 38 426, катталгандардын саны – 35 501, бош орундардын саны – 2 925. Анын ичинде 1-класстардагы квота – 18 030, катталгандардын саны – 16 490, бош орундардын саны – 1 540;

2-класстардагы квота – 20 396, катталгандардын саны – 19 014, бош орундардын саны – 1 382.

Бош орундары бар мектептер жөнүндө маалымат менен https://1mektep.edu.gov.kg/ru/statistics сайтынан таанышсаңыз болот.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост