Рахманов: “Дордойдо” пилоттук режимде салык чогултуу боюнча жаңы система иштеп жатат

Бүгүнкү күндө “Дордой” базарында пилоттук режимде салык чогултуу боюнча жаңы система иштеп жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн тапшырмасынын негизинде эми “Дордой” базарында салыкты базардын администрациясы чогултат.
“Эми алар ай сайын ижарасы менен бирге салыгын да чогултат. Базардын администрациясы бизге караганда базардагы салык чогултуу системасын, кайсы өтмөгүндө соода жакшы экенин жакшы билет. Биз салыктын түшүү механизмин, ар бир контейнердин санын компьютерден көрүп турабыз. Мурун бир контейнер болсо, экөө деп жазып коюшчу эле. Азыр компьютерден ар бир контейнер көрүнүп турат. Эгер салык төлөнбөсө кызыл, төлөнсө жашыл болуп күйүп калат. Бир тарабы кызарып кетсе, биз администрацияга чалып айтабыз. Мындай механизмдерди киргизүү менен биз көмүскө экономикабызды кыйла алдыга жылдырабыз. Пилоттук режим ушул жылдын август айына чейин уланат”, – деди Рахманов.
Булак “Кабар” агенттиги