Президенттин администрациясы “Капитал Банк” санкцияларды айланып өтүү схемасына катыштыгы бар деген маалыматты төгүндөдү

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы айрым чет өлкөлүк жана анонимдүү интернет булактарында пайда болгон «Борбор Азиянын Капитал Банкы» АКнын санкцияларды айланып өтүү жана эл аралык чектөөлөр коюлган адамдар менен өз ара аракеттенүү схемаларына катыштыгы бар деген маалыматтарды төгүндөдү.
Билдирүүдө айтылгандай, «Борбор Азиянын Капитал Банкы» АК мамлекеттик банк болуп саналат, анын акцияларынын 100%ы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык. Ал каржылык агымдардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле санкцияларга дуушар болгон каражаттардын жүгүртүүгө мүмкүн болушуна байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында түзүлгөн.
Илан Шор жана ошондой эле санкциялар астындагы банктар же структуралар менен байланышы бар деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул ырастоолор негизсиз, эч кандай фактылар менен тастыкталбайт жана Кыргыз Республикасынын каржы системасын дискредитациялоого багытталган.
«Борбор Азиянын Капитал Банкы» АКсын түзүүнүн негизги максаттарынын бири болуп трансчек аралык рублдик операцияларга мамлекеттик толук көзөмөлдү орнотуу, ошондой эле өлкөнүн каржы институттарын санкциялык режимдерди айланып өтүү үчүн колдонууга жол бербөө экендигин баса белгилейбиз.
Банк аркылуу өткөн ар кандай транзакциялар эл аралык стандарттардын жана ички көзөмөл жана мыйзамдуу талаптардын сакталышы чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын, ошондой эле каражаттардын изин жашыруу жана мыйзамсыз ишти каржылоого каршы күрөштүн талаптарына ылайык текшерилет.
Жарандарды, ЖМКлардын өкүлдөрүн жана эл аралык өнөктөштөрдү текшерилген жана расмий маалыматтарга гана таянууга, ошондой эле жалган жана адаштыруучу материалдарды таркатпоого чакырабыз.