Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков бүгүн, 5-июнда, Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздук, Афганистандагы учурдагы кырдаалдын өрчүшү боюнча актуалдуу маселелер, атап айтканда потенциалдуу коркунучтар жана тобокелдиктер менен байланышкан маселелер талкууланды, ошондой эле эки тараптуу мамилелер жана Кыргызстандын экономикасына британиялык инвестицияларды тартуу маселелери козголду.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.

Связанный пост