Президентинин Администрациясында балдардын укуктарын коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык кеңешме өттү
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын, Башкы прокуратуранын, ошондой эле мамлекеттик органдардын, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Жыйындын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүшү, коопсуз жана жөлөк болуучу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Ведомстволор аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана профилактикалык иш-чараларды күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Асел Чынбаева аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгына көңүл бурду.
Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын – мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын жана жергиликтүү жамааттардын, өнөктөштөрдүн системалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында күч-аракеттерди координациялоону күчөтүүгө жана жашы жете электердин укуктарын бузуу фактылары боюнча чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар жана практикалык сунуштамалар иштелип чыкты.