Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

 

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

 

Өз кезегинде Түркиянын Президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.

 

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

 

 

Связанный пост